Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Тажикстандагы жаңы элчиси кызматына Кэтрин Смиттон дайындалды. Бул тууралуу кабар 2-майда британ өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.
VII кылымда бугунун терисине түшүрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган байыркы Усман Кураны ("Ташкенттик Куран") реставрациялана баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстанда АЭС куруу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр азырынча жалпы билдирүүлөрдөн ары жыла элек. Бул тууралуу "Узатом" ишканасынын башчысы Азим Ахмедхожаев билдиргенин "Газета.uz" басылмасы жазды.
2-май күнү кечинде Казакстандын Атырау облусундагы Күлсары шаарынын суу ташкынынан жабыркаган тургундары калаанын борбордук аянтына чогулуп, зыянга учураган турак жайларынын чыгымын төлөп берүүнү талап кылышты.
Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулду. Бул тууралуу 3-майда билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди.
Орусияда чет элдик жарандарды текшерүү күчөгөндөн кийин борбор азиялык мигранттардын көбү коомдук жайларга, анын ичинде кафе-ресторандарга баруудан коркуп, үйдөн ашыкча чыкпай калышты. Мындан улам айрым коомдук тамактануу жайлардын ээлери убактылуу жабылууга туура келгенин билдирүүдө.
Түркия жөөт армиясынын Газа тилкесиндеги аскердик операциясы уланып жатканына байланыштуу Израил менен бардык соода алакаларын токтотту. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги түркиялык эки аткаминерге шилтеме кылып кабарлады.
Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат.
Астаналык блогер Самат Искаков аны 1-майда кармаган полиция кызматкерлеринин аракетине даттанып, райондук прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу блогер өзү "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүнчү жолу өтүп жаткан Ташкент эл аралык инвестициялык форумдун ачылышында сүйлөп, чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын атады.
Казакстандын мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 2-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүү үчүн жерлерди алмашуу жолун да карап көрсө болот. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов улуттук "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Загрузить еще