Ссылки доступа

Москвада мигранттардын арасында популярдуу болгон тамактануу жайлардын көбү жабылууда (видео)


В Москве закрыта большая часть популярных среди мигрантов точек общепита
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Орусияда чет элдик жарандарды текшерүү күчөгөндөн кийин борбор азиялык мигранттардын көбү коомдук жайларга, анын ичинде кафе-ресторандарга баруудан коркуп, үйдөн ашыкча чыкпай калышты. Мындан улам айрым коомдук тамактануу жайлардын ээлери убактылуу жабылууга туура келгенин билдирүүдө.

Коопсуздуктан улам репортаждагы каармандардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.

Подмосковьедеги "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин мигранттар көп барган кафелерде, ашканаларда жана тез татым жайларында текшерүүлөр күчөгөн. Сардар аттуу өзбекстандык мигранттын айтымында, текшерүүлөрдөн улам азыр Москвадагы мындай жайлардын көбү, анын ичинде ал өзү иштеткен кафе да жабык турат.

"Башка шаарларда кандай экенин билбейм, бирок Москвада кафе жана тез татым жайларынын 75% жабык турат. Мен да кафемди убактылуу жаба турайын дедим. Кардарлардын көбү борбор азиялыктар болчу. Мигранттарга басым күчөгөндөн кийин көп келбей калышты. Алгач болжол менен 100 кардардын болгону 50сү келди. Тамак-аш артып калып, ыргытууга туура келди. Кийинки күнү 25 гана киши келди. Ошондо ишибизди токтото турушубуз керек экенин түшүндүк", – деди Сардар.

Ал азыр убактылуу гүл саткан дүкөндө иштеп жатат. Абал жакшырса кафесин кайра иштете баштай турганын кошумчалады.

Азамат аттуу мигрант азыр көчөдө жана метродо чет өлкөлүктөрдүн көбүнүн документтерин текшерип жатышканын билдирди. "Көбүнчө өзбектер менен тажиктерди кармап жатышат. Мен да ксенофобияга кабылдым. Суу алайын деп дүкөнгө кирсем сатуучу орус аял "Баарыңар террорчусуңар" деп, мени тейлөөдөн баш тартты", – деди ал.

"Чайханаларда рейддерди жүргүзүп жатышат. Документи жоктордун баарына айып салышты. Мурда кардарлар көп болчу, азыр дээрлик жокко эсе", – дейт Москвада кичи кафе иштеткен Аброр аттуу мигрант.

"Мигранттардын кафелери көп болчу. Аларга кайра-кайра текшерүү менен келе берип, басым күчөгөндөн улам жабылууга аргасыз болушту", – деди дагы бир мигрант.

Москва полициясынын маалыматына ылайык, рейддердин жүрүшүндө быйыл 10-апрелге карата чет өлкөлүктөр миграциялык мыйзамдарды бузган 6 миңден ашык учур аныкталган. Жыйынтыгында жүздөгөн мигрант депортацияланып, башкаларына айып пул салынса, айрымдары камакка алынган.

XS
SM
MD
LG