Ссылки доступа

Bloomberg: Түркия Израил менен бардык соода операцияларын токтотту


Түркия жөөт армиясынын Газа тилкесиндеги аскердик операциясы уланып жатканына байланыштуу Израил менен бардык соода алакаларын токтотту. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги түркиялык эки аткаминерге шилтеме кылып кабарлады.

Азырынча Израил менен соода алакалары толук токтотулганы боюнча расмий ырастоо боло элек. Соода-садык кандай шарттарда кайра калыбына келтирилиши мүмкүн экени да айтылган жок.

Түркиянын Статистикалык институту тараткан маалыматка ылайык, 2023-жылы Түркия менен Израилдин ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 6,8 миллиард долларды түзгөн. Бул сумманын 76% жакыны түрк экспортуна туура келет.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац "Х" социалдык түйүнүнө Анкара бул чечими менен эл аралык соода макулдашууларын четке кагып, түрк элинин жана бизнесинин кызыкчылыктарын тепселегенин жазды. Анын айтымында, Израил жергиликтүү өндүрүштү күчөтүп, башка жеткирүүчүлөрдү издеп, тез арада Түркия менен соода-сатыкка альтернатива түзүүнүн үстүнөн иштейт.

Өткөн жумада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө мындан ары Израил менен соода мамилелерин өнүктүрбөй турганын билдирген. Түрк лидери Израилдин бийлигин Газада мерт болгон 45 миң палестиналыктын өлүмү жана 75 миң адамдын жаракат алуусу үчүн айыптаган.

Reuters агенттиги Анкаранын бул чечими Израилге товар экспорт кылууга киргизилген буга чейинки чектөөлөрдү кеңейте турганын белгиледи.

Апрелдин башында Түркиянын Соода министрлиги Израилге 54 товардын түрүн экспорттоого чектөө киргизген. Анда бул чектөөлөр Газада ок атуу толук токтогончо жана палестиналыктарга гуманитардык жардам үзгүлтүксүз жеткириле баштамайынча алынбай турганы айтылган.

XS
SM
MD
LG