Ссылки доступа

Астанада кармалган блогер полиция кызматкерлеринин аракетине каршы прокуратурага арыз жазды


Астаналык блогер Самат Искаков аны 1-майда кармаган полиция кызматкерлеринин аракетине даттанып, райондук прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу блогер өзү "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Буга чейин бир катар мамлекеттик басылмаларда журналист болуп иштеген Самат Искаков 1-майда Астанада кармалып, Байконыр райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген. Укук коргоо кызматкерлери блогерди ал жакта алты саатка жакын кармап тургандан кийин эч кандай айып такпастан кое берген.

Искаковдун айтымында, ошол эле күнү эртең менен ал оппозициянын митинги өтөрү айтылган аянтка жакын жерде жүргөндө полиция кызматкерлери аны эки жолу токтотуп, документтерин жана баштыгын текшеришкен. Андан соң блогерди Байконыр райондук полиция бөлүмүнө жеткиришип, аны сүрөткө тартып, бармак издерин алышкан. Штаттык кийинген адамдар андан "блогерлерден кимди тааный турганын жана коомдук-саясий абалга карата позициясын" сурашкан. Полиция бөлүмүндө ага жакындарына телефон чалууга жана адвокаттан жардам суроого мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

"Менин алты саат кармалып турганым канчалык деңгээлде мыйзамдуу деген суроо жаралууда. Алар телефонумду бир нече жолу текшерип, мыйзамга каршы келе турган эч нерсе табышкан жок. Менин бардык маалымат базаларымды да карап чыгышты. Полиция кызматкерлери, штаттык кийинген адамдар социалдык түйүндөрдөгү баракчаларымды текшеришти", – деди блогер.

Искаков YouTube сервисине жарыялаган видеосунда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, полиция кызматкерлеринин "одоно" аракеттери "Казакстандын имиджине зыян келтирип", "элдин бийликке болгон ишенимин кетирип жатканын" айтты. Блогер өз кайрылуусунда бул окуя боюнча "тез арада чара көрүүнү" өтүндү.

Май майрамдарынын алдында Казакстандын 10дон ашык шаарында оппозициялык активисттер жергиликтүү акимчиликтерге митинг өткөрүү боюнча билдирмелерди жөнөтүшкөн. Бирок бийлик өкүлдөрү активисттер чогулууну каалаган аянттар ал күндөрү бош эмес экенин билдирип, митингге чыгууга уруксат беришкен эмес. "АктивистыНеЭкстремисты" укук коргоо тобунун маалыматына караганда, 1-майда өтөрү айтылган тынч акциялардын алдында Казакстанда бери дегенде эле үч активист кармалган. Алар "тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу" айыбы менен 15 суткадан камакка алынган.

XS
SM
MD
LG