Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы ички иштер министри эки айга камалды


Казакстандын мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 2-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди 30-апрелде экс-министрдин бөгөт чарасын караган Астана шаардык тергөө соту кабыл алган.

Тургумбаев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" айыбы менен 29-апрелде кармалган. Анда Башкы прокуратура кылмыш ишинде мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтар бар экенин, иш боюнча башка маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганын билдирген.

Март айында 2022-жылдын Январь окуяларында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылбагандыгы, ошондой эле адамдарды кыйноо фактылары боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланган. Ал иштин алкагында Ерлан Тургумбаев да сурак берип чыккан.

61 жаштагы Эрлан Тургумбаев 2022-жылдагы Январь окуясынан кийин жаңы түзүлгөн өкмөттө өз кызматында калган. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев аны ошол эле жылы 25-февралда жумуштан алган.

Казакстанда 2022-жылы 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Бул окуялардан кийин мурдагы бир катар чиновниктер кармалып, абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG