Ссылки доступа

Күлсарынын селден жабыркаган тургундары турак жай үчүн кенемтени тезирээк төлөп берүүнү талап кылышты


2-май күнү кечинде Казакстандын Атырау облусундагы Күлсары шаарынын суу ташкынынан жабыркаган тургундары калаанын борбордук аянтына чогулуп, зыянга учураган турак жайларынын чыгымын төлөп берүүнү талап кылышты.

Кечки саат сегизде чогулган жарандар түнкү саат бирге чейин тараган жок. Алар турак жайдын ар бир зыянга учураган чарчы метри үчүн 400 миң теңгеден кенемте берүүнү талап кылышты. Тургундардын акциясына полиция кызматкерлери байкоо салып турушту. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, аянтка 100гө жакын киши чогулган.

Өзүн Жазира Кулмуханова деп тааныштырган үч баланын энеси туугандарынын үйүндө жашоодон тажаганын билдирди. "Эгер бийлик суу алдында калган үйлөрдүн чарчы метрин 400 миң теңгеден эсептеп берсе, өзүбүз тандаган жерден үй сатып алууга мүмкүндүк жаралат эле. Суу ташкындан кийин Күлсарыдан көчүп кетейин деп чечтим, анткени буга чейин жашаган үйүмдү бул жерде таба албайм", – деди ал.

Өз кезегинде Токын Кожахметова аттуу тургун бир жолку жардам катары 369 миң теңге алганын, азыр ижарага алган сарайда жашап жатканын билдирди. Ал мындай абал узакка созулуп кетиши мүмкүн деп тынчсыздануусун билдирип, кенемте төлөө ишин тездетүүнү өтүндү. Ал да акчаны жабыркаган ар бир адамдын өзүнө берип, алар өзү каалаган жерден үй сатып алса туура болот деп эсептейт.

Аянтка чогулган тургундардын алдына Жылыой районунун акиминин орун басарлары чыгып, турак жай маселесине байланыштуу кенемте баарына төлөнүп берилерин убадалашты. Жашоочулар акимдин убадасынан тажашканын айтып, түз эфирде президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылышты.

XS
SM
MD
LG