Ссылки доступа

Иманкулов: Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө жер алмашуу жолун да карасак болот


Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүү үчүн жерлерди алмашуу жолун да карап көрсө болот. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов улуттук "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусундагы чек аранын татаал тилкелерден, калктуу конуштардан, көчөлөрдөн, айрым жерлеринде короолор менен үйлөрдөн өтүп жатканы кыйынчылык жаратууда.

"Бул өтө татаал компромисс жолу. Ансыз болбойт. Эпке келүү керек. Зарыл болсо жер алмашуу жолун да караш керек. Албетте мында жергиликтүү эл менен алдын ала макулдашуу зарыл", — деди Иманкулов.

Ал чек араны тактоо иштери тынчтык жол менен жана эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керектигин кошумчалады.

"Бул маселени биздин жарандардын, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен чечебиз. Ошол эле маалда биздин коңшулардын да кызыкчылыктары менен эсептешүү зарыл. Чек араны тактоо иши быйыл аяктайт деп үмүттөнөм", – деди Иманкулов.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар болуп келген. Акыркы жолу эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышка дуушар болду. Бишкек менен Душанбе ал үчүн бири-бирин айыптаган. Анда эки тараптан тең карапайым тургундар жана чек арачылар каза болгон.

2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин жанданткан. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат.

Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 50-55-чакырымдай тактала элек тилке калды.

XS
SM
MD
LG