Ссылки доступа

"Узатом": Өзбекстан АЭС куруу боюнча Орусия менен бир чечимге келе элек


Жизак облусундагы Тузкан көлүнүн айланасы
Жизак облусундагы Тузкан көлүнүн айланасы

Өзбекстанда АЭС куруу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр азырынча жалпы билдирүүлөрдөн ары жыла элек. Бул тууралуу "Узатом" ишканасынын башчысы Азим Ахмедхожаев билдиргенин "Газета.uz" басылмасы жазды.

"Азыр биз жөн гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жалпы билдирүүлөрдөн башка конкреттүү эч нерсе жок. Орус тарап да жалпылап билдирүү таратып, бирок башка өңүт менен кошумча маалымат берип жатат. Жалпылап айтканда, азыр эч нерсе деле жок, болгону жалпы билдирүүлөр. Биз алар менен кайсы тармактарда кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин караштырып жатабыз", – деди Ахмедхожаев.

Өткөн жумада Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Кирилл Комаров АЭС куруу келишими боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр "ийгиликтүү жүрүп жатканын" билдирген.

Бирок "Узатомдун" башчысы орусиялык аткаминердин ал сөздөрүн ырастаган жок. Ахмедхожаев өзбек тарап Орусия менен энергетика тармагында гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн белгиледи.

"Анткени атом бул энергия гана эмес. Медицина, айыл чарбасы, суу тазалоо жана башкалар да бар. Азыр биз башка да ушул сыяктуу багыттарды изилдеп жатабыз. Жыйынтыгында биз кайсы тармак бизге жакыныраак экенин жана биринчи кезекте кайсынысын өнүктүрүшүбүз керектигин аныктайбыз", – деди Ахмедхожаев.

Ал учурда атом энергетикасы боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн, бирок Өзбекстан түрдүү өлкөлөрдүн сунуштарын карай турганын кошумчалады.

"Эч бир өлкө менен конкреттүү сүйлөшүүлөр жүргөн жок. Башка өлкөлөрдөн, мисалы Америкадан, Кореядан түрдүү сунуштар болуп жатат. Биз аларды жумуш тартибинде карап чыгабыз", – деди аткаминер.

Өткөн жылы ноябрдын аягында Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов Ташкент АЭС куруу боюнча Орусиянын гана эмес, башка өлкөлөрдүн да "тажрыйбасы менен технологияларын" изилдеп чыгарын билдирген. Анда анын бул сөздөрү "Росатомдун" башчысы Алексей Лихачевдин билдирүүсүнөн кескин айырмаланган. Ага чейин орусиялык аткаминер "АЭС куруу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр аяктап калганын" айткан.

Ташкент менен Москва Өзбекстанда атомдук электр станцияларын куруу боюнча кызматташуу келишимине 2018-жылдын сентябрында кол коюшкан. Анда станцияны Өзбекстандын бюджеттик каражатына жана Орусиянын мамлекеттик насыясына куруу пландалып жатканы кабарланган.

Атомдук электр станциясынын курулушу тууралуу маалыматтар чыккан алгачкы күндөрдөн тарта өзбек коомчулугу жана активисттери долбоордун экологиялык өңүтүн жана жер титирөөгө туруштук берер-бербесин талкуулап келишет.

XS
SM
MD
LG