Ссылки доступа

Улуу Британия Тажикстанга жаңы элчи дайындады


Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Тажикстандагы жаңы элчиси кызматына Кэтрин Смиттон дайындалды. Бул тууралуу кабар 2-майда британ өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Смиттон бул кызматта 2021-жылдын ноябрынан бери иштеп келген Тим Жонсту алмаштырат. Ал Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Душанбедеги элчиси катары өз милдеттерин 2024-жылдын октябрынан тарта аткара баштайт.

Кэтрин Смиттон буга чейин Улуу Британиянын Алжирдеги (2020-2023-жылдары), Непалдагы (2016-2017-жылдары) жана Пакистандагы (2013-2015-жылдары) дипломатиялык миссияларында иштеген.

Душанбеде жаңы элчи дайындалганы тууралуу маалымат британ тышкы иштер министринин Тажикстанга жасаган сапарынан бир жума өткөндөн кийин жарыяланды. 22-апрелде Дэвид Кэмерон Душанбеде Тажикстандын президенти жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер менен жолугуп, Нурек ГЭСине барган.

XS
SM
MD
LG