Ссылки доступа

Мирзиёев инвесторлорду Камбар-Ата ГЭСи жана "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу долбоорлоруна кошулууга чакырды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүнчү жолу өтүп жаткан Ташкент эл аралык инвестициялык форумдун ачылышында сүйлөп, чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын атады.

Мамлекет башчысы чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташууда банк-каржы тармагы жана пайдалуу кендерди иштетүүдөн тышкары "жашыл" энергетика да өзгөчө орунда турарын белгилеп, учурда өлкөдө 28 энергетикалык долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.

"Биз 2030-жылга чейин кайра жаралуучу энергиянын 20 гигаваттан ашкан кубаттуулугун түзүү жана анын энергетикалык баланстагы үлүшүн 40% жеткирүү максатын койдук", – деди Мирзиёев.

"Газета.уз" басылмасынын маалыматына караганда, Өзбекстан былтыр эле Masdar (БАЭ), Gezhouba жана China Energy (Кытай) компаниялары менен биргеликте 1,4 ГВт кубаттуулуктагы ири шамал жана күн электр станцияларын ишке киргизген. Мындан тышкары ACWA Power компаниясы менен чогуу "жашыл" суутек өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун үстүнөн иштеп жатат.

"Бул ири долбоорлордун чет өлкөлүк инвестициялардын гана эсебинен жана мамлекет менен жеке жактардын өнөктөштүгүнүн негизинде ишке ашырылып жатканы маанилүү", – деди президент.

Шавкат Мирзиёев форумдун алкагында инвесторлорго Кыргызстан менен Тажикстанда биргелешип ГЭСтерди куруу долбоорлору жөнүндө да маалымат берилерин билдирип, дүйнөдөгү алдыңкы компанияларды бул багытта кызматташууга чакырды.

Апрелдин ортосунда Нарын дарыясына Камбар-Ата ГЭСин куруу үчүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан биргелешкен компания түзөрү кабарланган. Анда 5-6 миллиард долларга бааланып жаткан бул долбоор ишке ашырылгандан кийин станциянын акциялары менен активдери Кыргызстандын менчигине өтөрү айтылган.

2022-жылы июнда Тажикстанда Зарафшан дарыясына 140 МВт кубаттуулуктагы Яван ГЭСи курула баштаган.

Шавкат Мирзиёев чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташа турган багыттардын бири катары өлкөнүн санарип трансформациясын да атады. Президенттин айтымында, Өзбекстанда бир жылдын ичинде IT-кызматтар менен программалык продукциялардын экспорту эки эсеге өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга чейин жеткирүү пландалууда.

" IT-парктын резиденттеринин саны 10 эсеге көбөйүп, 100 миң жумуш оруну түзүлөт деп күтүп жатабыз. Чет өлкөлүк компаниялар менен инвесторлорду тартуу үчүн IT-парктын базасында Санарип технологиялардын эл аралык борбору түзүлүүдө", – деди мамлекет башчысы.

Мирзиёев инвесторлор менен эл аралык уюмдарды "Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан" жана "Өзбекстан - Ооганстан -Пакистан" темир жолдорунун курулушуна да кошулууга чакырды.

"Бул стратегиялык долбоорлор аймактагы геоэкономикалык кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүп, Борбор Азияны Түндүк менен Түштүктү, Чыгыш менен Батышты бириктирген глобалдык транзиттик борборго айлантат", – деди президент.

XS
SM
MD
LG