Ссылки доступа

Ташкентте Курандын байыркы кол жазмасын реставрациялоо иши башталды


Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү фондунун сүрөтү
Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү фондунун сүрөтү

VII кылымда бугунун терисине түшүрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган байыркы Усман Кураны ("Ташкенттик Куран") реставрациялана баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Бир катар эл аралык эксперттер, анын ичинде Кембридж университетинин өкүлү Кристи Роуз, ошондой эле Франциянын жана Түркиянын реставраторлору Усман Куранынын ар бир бетин деталдуу түрдө карап чыгып, аны реставрация кылуунун планын иштеп чыгып, кийин кантип сактоо керектиги боюнча сунуштарын беришет.

Китеп Хазрати Имам ансамблине кирген Ташкенттеги Муйи Муборак медресесинин музей-китепканасында сакталууда. Кол жазма VII кылымда үчүнчү халиф Усман ибн Аффандын буйругу менен хижаз жазуусунда жазылган.

Куранды Самаркандга Амир Темур XIV кылымда Ирактан алып келген. Орусия падышалыгы Борбор Азияны өзүнө караткандан кийин 1869-жылы Түркстандын генерал-губернатору Константин фон Кауфман аны Петербургга алып кеткен.

1917-жылдагы революциядан кийин Ташкенттеги жана Сырдарыядагы окумуштуулардын талабы менен атайын жарлык чыгып, 1924-жылы ыйык китеп кайра Өзбекстанга кайтарылган.

1997-жылы ЮНЕСКО бул Куранды "Дүйнө эстеликтеринин" реестрине киргизген.

XS
SM
MD
LG