Аты-жөнүн билдиргиси келбеген булактын айтымында, андан бери АКШда жалпысынан 20 киши, анын ичинде тажик тектүү 16 киши кармалып, кийин айрымдары кайра бошотулган.
"Бир ай мурда Нью-Йоркто кармалган бир адамды билем. Ал активист болчу. 10 жылдан ашык убакыттан бери борбор азиялык мигранттарга жардам берип, алардын Америкада калып, иш табуусуна көмөктөшүп келген. Анын экстремисттик топторго эч кандай тиешеси жок. Балким "башкача" мигранттарга жардам берип алгандыр", – деди булак.
"Озоди" радиосу расмий булактардан бул маалыматтын чын-төгүнүн билүүгө аракет кылып жатканын, бирок азырынча андан майнап чыга электигин билдирүүдө.
11-июнда бир катар америкалык ЖМКлар өз булактарына таянып, АКШда "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна байланышы бар деген шек менен Тажикстандын сегиз жараны кармалганын кабарлашкан. Маалыматта тажик мигранттарынын баары тең АКШга түштүк чек аралар аркылуу киргени, алгачкы текшерүү учурунда шектүү эч нерсе аныкталбагандыктан, алардын АКШда калуусуна уруксат берилгени жазылган.
Расмий түрдө тажик жарандары иммиграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн кармалды. Азырынча аларга теракт даярдоо боюнча айып тагыла элек. АКШнын бийлиги тажикстандыктарды өлкөдөн депортациялоо үчүн документтерди топтоп жатат.
Шектүүлөр учурда Иммиграция жана бажы кызматында (ICE) кармалып турушат. Аталган мекеменин аткаминерлери билдиришкендей, кармалгандардын экөө чек арадан 2023-жылы өткөн. Алардын бири АКШга кирүүдө CBP One тиркемесин колдонгон. Аны мигранттарда башкалка суроо үчүн арыз берүүгө мүмкүндүгү болсун деген максатта Байдендин администрациясы иштеп чыккан.
NBC телеканалы үч булагына таянып кабарлагандай, буга чейин Федералдык иликтөөлөр бюросунда (ФБР) Борбордук Европадан АКШ үчүн террордук коркунуч бар экени жөнүндө маалыматтар болгон. Мекеме бул боюнча иликтөөнүн алкагында шектүү тажик жарандарын аңдый баштаган.
Азырынча Тажикстандын бийлиги АКШда сегиз жаранынын кармалганы боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Акыркы эки жылдын ичинде Мексика аркылуу АКШга жүздөгөн тажикстандык мигрант мыйзамсыз кирип, көбү расмий түрдө бул өлкөдөн башкалка сурашкан.
Өткөн жумада АКШнын президенти Жо Байден өлкө аймагына мыйзамсыз кирген мигранттарга башкалка сурап кайрылууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнөн мыйзамсыз барган бардык мигранттар дароо АКШдан депортацияланышы керек болот. Буга чейин ICE кызматкерлери мигранттарды өз алдынча депортациялай алышчу эмес, бул үчүн соттун чечими талап кылынчу.
Азырынча президенттин бул жарлыгы Сан-Диего секторуна гана тиешелүү. Анткени учурда ал Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз кире турган мигранттар үчүн негизги жолдордун бири болуп эсептелет.