Ссылки доступа

АКШда ИМ тобу менен байланышы бар деп шектелген сегиз тажик жараны кармалды


АКШда "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобу менен байланышы бар деген шек менен Тажикстандын сегиз жараны кармалды. Бул тууралуу ABC News телеканалы америкалык укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалган тажикстандыктардын баары тең АКШга түштүк чек аралар аркылуу кирген. Алгачкы текшерүү учурунда алардан шектүү эч нерсе аныкталбагандыктан, АКШда калууга уруксат берилген.

Расмий түрдө тажик жарандары иммиграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн кармалды. Азырынча аларга теракт даярдоо боюнча айып тагыла элек. АКШнын бийлиги тажикстандыктарды өлкөдөн депортациялоо үчүн документтерди топтоп жатат.

Шектүүлөр учурда Иммиграция жана бажы кызматында (ICE) кармалып турушат. Аталган мекеменин аткаминерлери билдиришкендей, кармалгандардын экөө чек арадан 2023-жылы өткөн. Алардын бири АКШга кирүүдө CBP One тиркемесин колдонгон. Аны мигранттарда башкалка суроо үчүн арыз берүүгө мүмкүндүгү болсун деген максатта Байдендин администрациясы иштеп чыккан.

NBC телеканалы үч булагына таянып кабарлагандай, буга чейин Федералдык иликтөөлөр бюросунда (ФБР) Борбордук Европадан АКШ үчүн террордук коркунуч бар экени жөнүндө маалымат болгон жана аны иликтөөнүн алкагында шектүү тажик жарандарын аңдый башташкан.

АКШ өкмөтүндөгү жогорку кызматта иштеген аткаминердин айтымында, ФБРдин агенттери бул адамдарды бир ай бою аңдып, телефон сүйлөшүүлөрүн угуп, "алардын бири бомбалар жөнүндө сүйлөгөнүн" аныкташкан.

Акыркы эки жылдын ичинде Мексика аркылуу АКШга жүздөгөн тажикстандык мигрант мыйзамсыз кирип, көбү расмий түрдө бул өлкөдөн башкалка сурашкан.

Өткөн жумада АКШнын президенти Жо Байден өлкө аймагына мыйзамсыз кирген мигранттарга башкалка сурап кайрылууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнөн мыйзамсыз барган бардык мигранттар дароо АКШдан депортацияланышы керек болот. Буга чейин ICE кызматкерлери мигранттарды өз алдынча депортациялай алышчу эмес, бул үчүн соттун чечими талап кылынчу.

Азырынча президенттин бул жарлыгы Сан-Диего секторуна гана тиешелүү. Анткени учурда ал Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз турган мигранттар үчүн негизги жолдордун бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG