5-июлдан бери камакта жаткан Иномзоданын иши боюнча бүгүнкү күнгө чейин расмий билдирүү жасала элек. Бирок Мирзо-Улугбек райондук ички иштер башкармалыгынын материалдарына ылайык, Салим Иномзода "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды таратуу" беренеси менен айыпталууда. Ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
"Озоди" радиосунун булактары Иномзоданын "Таштүрмө" тергөө абагына которулушу – аны тышкы дүйнөдөн толук изоляциялоо максатында жасалды деп болжолдоп жатышат. Учурда анын адвокат менен камсыз болгон-болбогону жана кандай шарттарда кармалып жатканы белгисиз.
"Өзбекстан тажиктери" тайпасында негизинен Өзбекстандагы тажиктердин маданияты жана тажиктер менен өзбектердин маданий байланыштары тууралуу материалдар жарыяланып турат. Тайпанын 15 миңге жакын катталуучусу бар.