Иномзода "Овози точик" ("Тажик үнү") басылмасында иштеген. Ал Фейсбукта 15 миңге жакын катталуучусу бар "Өзбекстан тажиктери" тайпасын түзгөн. Аталган тайпада Өзбекстандагы тажиктердин маданияты жана тажиктер менен өзбектердин маданий байланыштары тууралуу материалдар жарыяланып турат.
2022-жылы октябрда Салим Иномзода социалдык тармактарда тажик ырчысы Афзалшо Шодиевдин “Самарканд жана Бухара” тууралуу ырын репост кылган. Чыгармада Самарканд тажиктердин жана перстердин мекени экени айтылат. Өзбекстандын укук коргоо органдары бул ырда “сепаратизмдин белгиси бар” деп эсептейт. Ыр 2013-жылы, Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси начарлап, өлкөлөр ортосунда визалык режим өкүм сүрүп турганда чыккан.
“Озодинин” маектештеринин бири “Өзбекстан тажиктери” тайпасынын администраторлору да суракка чакырылганын билдирди.