Ссылки доступа

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ташкентте мектепте болгон окуяга реакция жасады


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ташкенттеги № 188 мектептин 6-классынын окуучусун орус тили мугалими сабап салган окуяга реакция жасады.

25-сентябрдагы брифингде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова министрлик кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатканын билдирди. Ал Орусия Өзбекстандан расмий түшүндүрмө сураганын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерде, өзгөчө тил маселелеринде кастыкка орун жок», - деп баса белгиледи Захарова.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанды “ММКлардагы материалдарга баа берүүгө жана алар негиздүү болсо, балага зомбулук көрсөткөн адамга чара көрүүгө” чакырды.

Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери Алишер Кадыров баланын укугу бузулганын, мугалимге Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөрүн айтты. Ал Орусия Өзбекстандын ички иштерине кийлигишкенден көрө, өз көйгөйлөрүнө көңүл бурганы жакшы болорун белгиледи.

Баланын апасы Фейсбукта жаңжал бала мугалимден сабакты өзбек тилинде эмес, орус тилинде өтүүнү сурангандан кийин чыкканын жазган. Пост кийинчерээк өчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG