Ссылки доступа

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстанга барды


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусия менен Өзбекстандын аймактарынын кеңешинин жыйынына катышууу үчүн 26-майда Ташкентке барды. Бул тууралуу ал өзү Telegram-каналына жазды.

Өзбекстанга барган чечен делегациясын Ташкент шаарынын акими Шавкат Умрзоков, президенттин кичүү күйөө баласы жана башка жооптуу кызмат адамдары тосуп алышты.

Рамзан Кадыров ушул эле күнү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Абдулла Арипов Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёевдин саясий эркинин аркасы менен жетишкен эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн белгиледи. Мындан тышкары ал эки элдин ортосунда башынан эле достук мамиле калыптанганын, аны сактоо жана өнүктүрүү зарыл экенин айтты", – деп жазды Чеченстандын башчысы.

Кадыров ошондой эле чечен эли Өзбекстанды өзгөчө жылуу кабыл аларын, анткени бул өлкөдө анын атасы, Чеченстандын биринчи президенти Ахмат ажы Кадыров окуганын белгиледи.

"Биздин өлкөлөрдүн жетекчилери мамилелерди бекемдөөгө багыт алганына кубанычтамын. Биздин биргелешкен ишибиз Орусия менен Өзбекстандын аймактык мамилесин жаңы деңгээлге чыгарып, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жетүүгө түрткү болот деп ишенем", – деп кошумчалады Кадыров.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин эки күндүк мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG