20-майда Касым-Жомарт Токаев "Казакстан менен Өзбекстандын союздаштык мамилелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайты кабарлады.
БУУнун Коопсуздук кеңеши бардык өлкөлөрдү космоско курал-жарак жайгаштырууга жана аларды колдонууга тыюу салууга чакырган Орусиянын резолюция долбоорун четке какты.
Фергана облусунун Бувайдин районундагы чет тилдерди окутуу боюнча адистештирилген мектептин директору жоолугун чечүүдөн баш тарткан 7-класстын окуучусун сабады.
Кыргызстандын кыйноону алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбаев укугу тебеленип, кыйноого кабылгандардын 80% милиция кызматкерлери анын укугун бузганын айтышарын билдирди.
"Жапырт башаламандык" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чет элдиктерди сабоого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Астанадан мекенине кайтып бараткан жолдо Бишкекке кыска убакытка токтойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Иранда президент Эбрахим Раисинин тик учак кырсыгынан каза болгонуна байланыштуу беш күндүк аза күтүү жарыяланган. Шейшембиде Тебриз шаарында Раиси жана башка курман болгондорду эскерүү аземи башталды.
Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат.
АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун чечимин сындады. Бул тууралуу Байдендин Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.
Тажикстанда өлкөнүн алдыңкы юристтеринин бири жана "Социал-демократиялык партиянын" мурдагы лидери Рахматилло Зоировдун сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары жана жакын санаалаштарынан турган аз сандагы гана адам катышты.
Грузия парламентиндеги "Грузин кыялы" жана ага өнөктөш фракциялар президенттин "чет элдик агент" мыйзамына койгон ветосун юридика комитетинде каралгандан кийин жеңип өтүүгө ниеттенип жатат.
Казакстанда селден катуу жабыркаган Күлсары шаарынын тургундарынын нааразылык акциясы 20-майда да уланды. Бул күнү жергиликтүү акимчиликтин алдында топтолуп турган жашоочулардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы чакырылды.
Загрузить еще