Ссылки доступа

Тажикстанда банкирдин өлүмү боюнча өмүр бою соттолгон адамдын апасы 13 жылга кесилди


Соджида Саидмуродова менен уулу Дилшод
Соджида Саидмуродова менен уулу Дилшод

Тажикстандын Жогорку соту "Ориёнбанктын" башчысынын мурдагы орун басарын өлтүрүү айыбы менен өмүр бою соттолгон Дилшод Саидмуродовдун апасы Соджида Саидмуродованы 13 жылга эркинен ажыратты.

65 жаштагы Саидмуродова "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык", "Документтерди жасалмалоо", "Өзүмбилемдик менен жер тилкесин басып алуу" жана "Тергөө иштерине тоскоолдук кылуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын жакындары сот чечимин адилетсиз деп атап, бирок ал боюнча даттануудан майнап чыкпай турганын билдиришти.

"Озоди" радиосу Жогорку соттогу өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, Саидмуродовага карата өкүм 19-июнда эле чыккан жана азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.

"Бул иш боюнча Архив башкармалыгынын эки жана Кыймылсыз мүлктөрдү каттоо кызматынын бир өкүлү да айыпталуучу катары өтүп жаткан. Алар Саидмуродовага документтерди жасалмалоого жардам берген деп айыпталып, үчөөнө тең айып пул салынды", – деди булак.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, 65 жаштагы Соджида Саидмуродова пенсионер, эч жерде иштебейт.

Быйыл мартта Тажикстандын Жогорку соту "Ориёнбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Шухрат Исматуллоевди өлтүрүүгө айыпталган 14 кишинин бешөөнү өмүрүнүн аягына чейин эркиндигинен ажыраткан. Алардын арасында Соджида Саидмуродованын уулу Дилшод Саидмуродов да болгон. Бул иш боюнча айыпталган дагы тогуз киши 1 жылдан 8 жылга чейинки түрдүү мөөнөттөргө соттолгон.

49 жаштагы Шухрат Исматуллоевди былтыр 23-июнда уурдап кетишкен. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү машинага күчтөп салып кетип, ур-токмокко алып, кыйнап өлтүргөнүн, кылмыштын изин жашыруу максатында сөөгүн Душанбе – Чанак автожолунун 130-чакырымындагы Заравшан суусуна таштап жиберишкенин маалымдаган.

Маркумдун сөөгү 15-августта Пенжикент шаарынын чет жакасындагы Саразм кыштагынан табылып, 30-августта жерге берилген.

XS
SM
MD
LG