Ссылки доступа

Москвада эки тажик оппозиционерин кармоого буйрук берилди


Мухаммадикбол Садриддин менен Шарофиддин Гадоев
Мухаммадикбол Садриддин менен Шарофиддин Гадоев

Москванын Басман райондук соту эки тажик оппозиционери Шарофиддин Гадоев менен Мухаммадикбол Садуридиновго (Садридинов) жалган маалымат тараткан деген айып менен кылмыш ишин козгоп, камакка алуу чечимин чыгарды.

“Медиазона” билдиргендей, эки саясатчынын иши боюнча соттук отурум май айынын аягында өткөн.

"Гадоев менен Садриддинге иш козгоого эмне себеп болгону белгисиз. Экөө тең Орусияда изделүүдө", - деп жазат басылма.

Шарофиддин Гадоев Тажикстанда тыюу салынган Улуттук альянстын төрагасынын орун басары. Анын айтымында, бул анын Украинаны колдоогон чакырыктары менен байланыштуу.

"Мага көп жолу социалдык тармактардан коркуткан билдирүүлөр келип түшкөн, аларда Украинаны колдобоону, болбосо мага каршы иш козголорун эскертишкен. Андан да олуттуу коркутуулар болду – коопсуздук кызматкерлери мени Европада өлтүрүшү мүмкүн экени кыйытышты. Орусияда мага каршы козголгон иш биринчи кезекте 2022-жылдын ноябрында Украинага болгон сапарыма жана Орусиянын бул өлкөгө басып киришин айыптаганыма байланыштуу, анткени мен тажиктерди орус армиясына кошулбоого бир нече жолу чакыргам", - деди Шарофиддин Гадоев.

Эки саясатчы тең Европадан саясий башпаанек алышкан. Мухаммадикбол Садриддин "Ислох" сайтынын редактору.

"Мен Украина тууралуу сейрек айтам. Бул жерде тажик бийлигинин таасири көрүнүп турат. Балким мигранттар биз менен байланышуудан коркуп калсын деп жатышкандыр. Анткени биз мигранттарды гана колдоп келгенбиз", - деди Мухаммадикбол Садриддин.

Өткөн жылдары Орусиянын коопсуздук күчтөрү ондогон тажик оппозициячыларын кармап, Душанбеге депортациялаган.

XS
SM
MD
LG