Ссылки доступа

Украинада кол салууга кабылган казак активисти Айдос Садыков каза болду


Айдос Садыков (архив сүрөт)
Айдос Садыков (архив сүрөт)

Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Бул тууралуу активисттин жубайы Наталья Садыкова "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, күйөөсү Киевде 2-июлда үзүлгөнүн билдирди.

"Айдос Казакстан үчүн жанын берип, киллерлердин колунан каза болду. Ал 13 күн реанимацияда жашоо үчүн күрөшүп, бирок эч кандай керемет болгон жок. Анын өлүмү Токаевдин абийиринде", - деп жазды.

Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жүргөн Айдос Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон.

Бул кылмышка эки казакстандык жаран шектелүүдө. Украина тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кетишкен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган. Украинанын Башкы прокуратурасы шектүүлөрдү Казакстандан экстрадициялоо аракети башталганын кабарланган.

Украинанын Башкы прокуратурасы 20-июндагы маалыматында кылмышка 36 жаштагы Алтай Жаканбаев менен 33 жаштагы Мейрам Каратаев шектелип жатканын, кылмыш иши "Буюртма боюнча алдын ала сүйлөшүп, топтошуп алып адам өлтүрүүгө аракет кылуу" деген берене менен козголгонун билдирген.

Шектүүлөрдүн бири Алтай Жаканбаев Казакстандын күч органдарына өзү барып колго түшкөнүн казак Башкы прокуратурасы 21-июнда маалымдаган.

Айдос Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык "Азат" партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Ал негиздеген YouTube'дагы БӘСЕ каналынын миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп кеткен.

Наталья Садыкова ок Айдос Садыковдын чыкыйына тийгенин айтып кол салууну күйөөсүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал Айдос Садыковду көз алдында атып кетишкенин билдирип, кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Касым-Жомарт Токаевге жүктөгөн.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев зарыл болсо тергөөгө жардам берилерин билдирген.

XS
SM
MD
LG