Ссылки доступа

Дагестандагы кол салуу: кеминде 17 киши өлдү


Дагестандын Дербент жана Махачкала шаарларындагы православ чиркөөлөрүнө, синагогаларга жана жол полициянын кайгуул бекетине жасалган кол салуулардан кеминде 17 киши, анын ичинде 15 полициячы набыт болду. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Жекшемби күнү кечинде Дагестандын эки шаарында - борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болгон.

Дагестандын Коомдук байкоочу комиссиясынын төрагасы Шамил Хадулаевдин айтымында, Дербентте дин кызматкери, Махачкалада чиркөөнүн кароолчусу да каза болгон.

"Мага жеткен маалыматка караганда, Николай атаны Дербенттеги чиркөөлөрдүн биринде мууздап кетишкен, ал 66 жашта болгон, катуу ооруп жүргөн. Махачкала-1 чиркөөсүнүн күзөтчүсү Михаилди газ тапанчасы менен атышкан", - деп жазды ал.

Улуттук антитеррордук комитет Дербентте эки Махачкала үч кылмышкер өлтүрүлгөнүн кабарлады.

Жалпы республика аймагында контртеррористтик операция режими жарыяланды.

Орусиянын Тергөө комитетинин жергиликтүү башкармалыгы окуя "теракт" беренесинин негизинде тергелип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG