Ссылки доступа

Тажикстан: каза болгон жоокердин жакындары анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылууда (видео)


Тажикстан армиясында милдеттүү түрдө кызмат өтөп жүргөндө каза болгон жоокер Солехжон Солиевдин жакындары анын өлүмүнө тиешеси бар адамдарды жоопко тартууну талап кылууда.

2023-жылы октябрда аскерге чакырылган Солиев быйыл майдын башында каза болгон. Жакындары анын денесинде көптөгөн көгала тактар, башында жаракаттар болгонун билдирүүдө.

"Сөөгүн алып келген командирлер анын өлүмүнүн себебин билбей тургандыктарын айтышкан. Кантип билишпейт? Аскердик бөлүктө видеокамералар көп да. Армияга кетип жатканда уулумдун саламаттыгы жакшы болчу", – деди маркумдун апасы Наргис Пирова.

Солиевдин сөөгү жерге берилгенден бир ай өткөндөн кийин гана Аскердик прокуратура анын өлүмүнүн себептери боюнча документти жакындарына тапшырды. Анда жоокер жүрөгү кармап каза болгону, буга байланыштуу анын өлүмү боюнча тергөө иштери токтотулганы жазылган.

"Биз буга ишенбейбиз. Уулумдун сөөгүн алып келгендер денесин жууп, даярдап коюшканын айтып, кепинди ачпай көмгүлө дешкен. Бирок биз ачып, денесинде көптөгөн тактар бар экенин көргөнбүз. Анын баарын телефонго тартып алгам", – деди Пирова.

Маркумдун жакындары бийликтен Солехжондун өлүмү боюнча тергөө иштерин баштап, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылууда.

Тажикстан акыйкатчысынын маалыматына ылайык, 2023-жылы өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 40 жоокер өлгөн. Алардын сегизи өз жанын кыйса, дагы алтоо түрдүү оорулардан улам көз жумган.

XS
SM
MD
LG