Ссылки доступа

Орусияда "талибдер" жөнүндө кеп кылган тажикстандык 12,5 жылга соттолду


Орусиянын Экинчи Чыгыш райондук аскер соту мурда соттолгон тажик жараны Ташриф Сохибназаровду 12 жыл алты айга эркинен ажыратты.

Ал "террористтик ишмердүүлүккө чакыруу" жана "Терроризмге ыктоо" беренелери боюнча айыпталып, 12 жыл алты айга эркинен ажыратылды.

2018-жылы Сохибназаров талап-тоноочулук үчүн жети жыл алты айга эркинен ажыратылган. Ал шериктери менен унаа токтотуучу жайга кирип, кароолчуну пневматикалык тапанча менен коркутуп, байлап, сабап салган. Кол салгандар кароолчунун телефондорун, сим-карталарын жана башка мүлктөрүн тартып алышкан, ошондой эле баалуу мүлкү кайда сакталганын айтып берүүнү талап кылышкан.

Тажик жараны Омск облусунда түрмөнүн ооруканасында жатканда башкаларды терроризмге үгүттөгөнү, аларды талибдердин ишмердүүлүгүнө аралашууга чакырганы айтылды.

Быйыл май айында Орусиянын Тышкы иштер жана Юстиция министрликтери Владимир Путинге Орусияда "Талибан" кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Бул демилгеге комментарий берип жатып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров талибдерди "Ооганстандагы реалдуу бийлик" деп атаган.

Ооганстандан АКШ башында турган коалициялык күчтөр кетип, талибдер бийликти басып алгандан кийин Путин Москва "Талибанды" террордук уюмдардын катарынан чыгарууга жакындап калганын, бирок алды менен мындай кадамга БУУнун Коопсуздук кеңеши барышы керек деген пикирин айткан.

XS
SM
MD
LG