Ссылки доступа

Тажикстанда "жат кийимдерге" тыюу салган мыйзамга кол коюлду


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон улуттук маданиятка төп келбеген кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө тыюу салган "Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзамда "жат кийимдерге" кандай кийимдер кирери так жазылган эмес. Бирок талдоочулар тажик бийлигинин буга чейинки аракеттерин эске алып, кеп мусулмандардын кийими жөнүндө болуп жатышы мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Мыйзамга ылайык, жогорудагы тыюуларды бузган жеке жактарга 8 миң сомони (700 доллардан ашык), кызмат адамдарына дээрлик 40 миң сомони өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.

Тажик президентинин басма сөз кызматы мыйзам "улуттук маданиятты жана түпкү баалуулуктарды коргоо", "жок нерсеге ишенүүнүн жана майрамдарда ашыкча ысырапкерчиликтин алдын алуу" максатында кабыл алынганын билдирүүдө.

Мыйзамдын долбоорун тажик парламенти коомдук талкууга алып чыкпай туруп кабыл алган.

Мыйзамга каршы пикирин билдиргендер бийлик мындай жол менен ысым жана фамилия тандоодон тарта дасторкондун, мүрзөлөрдүн көлөмүнө чейин тескеп, адамдардын жеке жашоосу менен капчыгына кийлигишкиси келип жатканын айтууда.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, Мусулман окумуштууларынын лигасы Тажикстандагы хижаб кийүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун айыптап, Ооганстандагы айрым дин адамдары "жихад" жарыялашкан.

Эл аралык уюмдар мусулман кийимдерин кийип жүргөн аялдарга басым жасап, аларды басмырлаганы үчүн Тажикстандын бийлигин бир канча жолу сынга алышкан. Буга чейинки жылдары өлкөнүн укук коргоо органдары диний кийимчен аялдарга жана сакал коюп жүргөн эркектерге каршы жапырт рейддерди жүргүзүп турушкан. Кармалгандарды милиция бөлүмдөрүнө жеткирип, диний кийимдерден баш тартууга, эркектерди сакалын алууга мажбурлашкан.

XS
SM
MD
LG