Ссылки доступа

БУУнун башчысын Тажикстандагы саясий туткундарды бошотууга көмөктөшүүгө чакырышты


БУУнун баш катчысынын Борбор Азия өлкөлөрүнө сапары алдында тажик оппозициясынын өкүлдөрү Антониу Гутерришти камактагы ондогон саясий туткунду эркиндикке чыгарууга көмөктөшүүгө чакырышты.

БУУнун баш катчысына жолдонгон кайрылууну Тажикстанда тыюу салынган "Реформалар жана өнүгүү саясий кыймылынын" лидери Шарофиддин Гадоев 29-июнда "Фейсбук" баракчасына жарыялады.

БУУнун басма сөз кызматы кабарлагандай, уюмдун башчысы 29-июнда Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарын баштап, анын алкагында Тажикстанга да барат. Душанбеде ал президент Эмомали Рахмон баштаган өкмөт мүчөлөрү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугат деп күтүлүүдө.

"Сизден өздөрүнүн саясий көз караштары же Эмомали Рахмондун саясатына макул болбогону үчүн гана камакта отурган адамдарды эркиндикке чыгарууга көмөктөшүүңүздү өтүнөбүз. Сиздин көңүлүңүздү БУУнун Негизсиз камоолор боюнча жумушчу тобунун чечимине бургубуз келет. Ал чечимде камакта отурган ондогон белгилүү адвокаттар менен саясий ишмерлерди бошотуу талабы жазылган", – деди Гадоев.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.

Оппозициянын лидери ошондой эле Гутерришти Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык акциялардан кийинки жүздөгөн жергиликтүү тургундун репрессияланышына көңүл бурууга чакырды. "2022-жылдагы нааразылык акциясы учурунда 250дөн ашык киши кармалып, тийиштүү деңгээлдеги соттук териштирүүлөрсүз эле ондогон жылдарга соттолгон. Тоолуу Бадахшандын Орусияда жүргөн ондогон лидери жана активдүү тургундары Тажикстанга алып келинип, узак мөөнөттөргө соттолду", – деп жазды Гадоев.

Ал БУУнун башчысын 2022-жылы майда "укук коргоо органдары куралсыз 38 адамды атып салган" Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы окуяларды да иликтөө демилгесин көтөрүүгө чакырды.

Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшандагы окуяларды "контртеррористтик" операция деп атап, анын жүрүшүндө 16 киши өлгөнүн билдирип келет. Көз карандысыз булактардын маалыматына ылайык, анда 40ка жакын киши каза болгон.

Оппозиция лидери өз кайрылуусунда Гутерриштен 2022-жылдан кийин узак мөөнөттөргө соттолгон камактагы башка да журналисттерди, блогерлерди жана активисттерди бошотууга жардам берүүнү өтүндү.

"Тилекке каршы, Рахмондун режимине макул эмес адвокаттар, журналисттер жана башка жарандар көпчүлүк учурда "экстремизмге жана терроризмге" айыпталып калууда", – деп жазды Гадоев.

XS
SM
MD
LG