Ссылки доступа

Сириядагы айрым тажикстандык аялдар балдары уурдалгандыктан мекенине кайтып келе алган жок


"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмуна кошулуп кеткен мурдагы тажик жоочуларынын аялдарынын айрымдары балдары уурдалганына байланыштуу Сирия лагерлеринен чыга алышкан жок. Бул тууралуу Тажикстандын Кувейттеги жана Сириядагы элчиси Зубайдулло Зубайдзода билдирди.

"Биз Сириядан 90 кишини алып келишибиз керек болчу. Бирок аялдар Сириядагы лагерден чыга албай тургандыктарын, анткени эки күн мурда алардын балдарын "хабстын" (аялдар лагериндеги атайын топ) өкүлдөрү уурдап кетишкенин айтышты. Ошондуктан Сириядан Душанбеге 47 гана киши менен учуп кетүүгө туура келди", – деди элчи.

25-апрелде Сириядан тажик жарандарынын кезектеги тобу – 32 бала жана 15 аял Душанбеге жеткирилгени кабарланган. Алардын баары тең ИМдин курамына 2014-2018-жылдары кошулган согушкерлердин балдары жана аялдары.

Акыркы беш жылдын ичинде Тажикстандын бийлиги Ирак менен Сириядан мекенине согушкерлердин 300дөн ашык аялдарын жана балдарын алып келди. Алардын айрымдары туугандарына өткөрүлүп берилсе, калгандары атайын борборлордо кармалууда.

Элчи Зубайдулло Зубайдзода "Озоди" радиосуна берген маегинде Ирактан жана Сириядан аялдар менен балдарды алып келүү өнөктүгү дээрлик аяктап калганын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата аталган эки өлкөдө "адам чыдагыс шарттарда" кармалып турган тажикстандык аялдар менен балдардын 90% мекенине алып келинди.

"Мекенине кайтып келүүнү өтө каалагандардын баары Тажикстанга жеткирилди. Калгандары аз эле. Алар да жакынкы күндөрү мекенине жеткирилет деп ойлойм. Мындан тышкары азыр Ирактын түрмөлөрүндө 37 тажик аял отурат. Алар соттун чечими менен өмүр бою эркиндиктеринен ажыратылган. Балдары 2019-жылы Тажикстанга жеткирилген. Болжол менен бир ай мурда ал аялдар менен жолугуп келдик. Кармоо шарттарына же жасаган мамилелерине эч кандай даттануулары жок экенин билдиришти", – деди элчи.

Анын айтымында, түрмөдөгү аялдар мекенине кайтып келүү үчүн Тажикстан менен Ирактын ортосундагы экстрадиция тууралуу макулдашууга кол коюлушун күтүүдө.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылы ИМ тобу Ислам халифатын түзгөнүн жарыялагандан бери 2 миңдей тажик жараны Сирия менен Иракка барган. Алардын көпчүлүгү аялдары жана балдары менен кетсе, кээ бирлери Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө үй-бүлө курушкан. Алардын көбү өлтүрүлгөн, камалган, же дагы деле дайынсыз.

XS
SM
MD
LG