Ссылки доступа

Орусияда эки казак жараны диверсия иши боюнча соттолду


1-июлда Москва шаардык соту эки тургунга – Казакстандын жарандары Александр Абрам менен Эдуард Бурдиловго карата өкүм чыгарды.

Экөө тең топ адам жасаган диверсия беренеси боюнча 13 жылга эркинен ажыратылды.

Абрам алгачкы төрт жылды, Бурдилов биринчи беш жылды түрмөдө өткөрөт. Соттолгондор жазасынын калган мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшөт. Бул тууралуу "Медиазона" кабарлады.

Абрам менен Бурдилов 2023-жылдын 22-июнунда кармалган. Иштин чоо-жайы айтылган жок.

Сот ошондой эле "Орус темир жолу" ишканасынын жарандык доосун канааттандырып, Абрам менен Бурдиловдон 387 миң рубль өлчөмүндөгү чыгымды өндүрүп алуу чечимин чыгарды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин бүткүл өлкө аймагында аскер комиссариаттары, полиция бөлүмдөрү, шаардык администрациялардын имараттары жана “Бирдиктүү Орусиянын” кабыл алуу бөлүмдөрү өрттөлө баштаган. Мобилизация жарыялангандан кийин мындай чабуулдардын саны бир нече эсеге өскөн. Өрттөөнүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок. Алгач иштер башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү жана бейбаштык беренелери боюнча каралган. Кийинчерээк мындай өрттөө саботаж жана теракт катары классификациялана баштаган.

XS
SM
MD
LG