Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлер соцтармактардагы аккаунттарын жабууга мажбурланууда


Түркмөнстандын Ахал облусунда бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу талап кылынды.

Мурдараак бул талап аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине гана тиешелүү болгон.

Эми бюджеттик мекемелердин кызматкерлери өз аккаунттарын сактап калуунун жолдорун издеп жатышат.

«Бюджеттик кызматкерлердин уюлдук телефондорун текшеришип, алардан IMO жана башка социалдык тармактардагы аккаунттарын жабууга милдеттенишкени тууралуу тил кат жазып берүүнү талап кылышты», - деди жергиликтүү тургундардын бири «Азаттык» радиосунун түркөн кызматынын кабарчысына.

Мындан тышкары VPN кызматтарын колдонгондор жумуштан бошотулары эскертилген.

Түркмөнстанда Facebook, Instagram жана X сыяктуу социалдык түйүндөр, ошондой эле 122 миңден ашуун интернет даректер жабылган.

Бюджеттик кызматкерлер чет элдеги жакындары менен байланышта болуу үчүн интернет аккаунттары керектигин айтышат.

Бирок бийлик өлкөдө VPN кызматтарын колдонууга тыюу салынганын эскертип, бюджеттик кызматкерлерден чет жерде жүргөн жакындары тууралуу маалымат берүүнү талап кылууда.

Түркмөн өкмөтү жарандардын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн атайын чектегени үчүн сынга алынып келет. Бөгөттөлгөн сайттарга VPN кызматтарын колдонуу менен гана кирүү мүмкүн.

Өлкөдө VPN программалары өтө популярдуу. Techopedia басылмасынын маалыматына ылайык, 2023-жылы түркмөн интернет колдонуучулары Google системасы аркылуу VPN серверлерин издөө боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгышкан.

Ошол эле учурда Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жай жана эң кымбат интернетке ээ өлкөлөрдүн бири бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG