Ссылки доступа

Байден Трамптын иммунитети тууралуу Жогорку соттун чечимин сынга алды


АКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамптын президенттик иммунитети тууралуу Жогорку соттун чечимин сынга алды.

"Бул өлкө Америкада падышалар жок деген принцип менен түзүлгөн. Эч ким мыйзамдан жогору турбайт. Жогорку соттун чечими менен бул принцип толугу менен өзгөрдү", – деди Байден.

Ал коомчулук 2021-жылдын 6-январында болгон козголоңдогу Трамптын ролун билүүгө укуктуу экенин белгилеп, бул президенттик шайлоодон кийин болушу мүмкүн экенин айтты.

Дүйшөмбү күнү АКШнын Жогорку соту экс-президент Дональд Трамптын адвокаттарынын доо арызы боюнча чечим чыгарды. Адвокаттар Трамп президент кезиндеги бардык аракеттери үчүн толук иммунитетке ээ болуп, 2021-жылдын 6-январындагы окуя менен катар башка иштер боюнча да кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керектигин билдиришкен.

Сот президент конституциялык милдеттерин аткаруунун алкагында жасаган аракеттери үчүн иммунитет укугуна ээ деген чечим чыгарды. Бул иммунитет президенттин жеке адам катары жасаган иштерине тиешелүү болбойт.

Талдоочулардын белгилешинче, Жогорку сот Трамптын доосун толугу менен канааттанбырбаганы менен, 6-январдагы окуя боюнча ага карата чыга турган сот чечимин ноябрда өтө турган президенттик шайлоого чейин жылдырууга жол ачты. Анткени Вашингтондогу сотко Трамптын 6-январдагы аракети президенттик иммунитетине туура келер-келбесин чечүүгө убакыт талап кылынат.

2021-жылдын 6-январында мурдагы президент, республикачы Доналд Трамптын тарапташтары АКШнын парламенти жайгашкан Капитолий имаратына бастырып киришкен. Аларды бул аракетке президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган Трамп өзү үндөгөн болчу.

Трамп бул окуяларда эч кандай мыйзам бузбаганын айтып, кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап келет. Адвокаттары анын аракеттеринде кылмыштын белгилери болгон күндө да, аны президент кезиндеги аракеттери үчүн баары бир соттоого болбой турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG