"Бауыржан жеке иштери боюнча Астанага учуп кетмек болгон. Учактын датасы ШКУнун саммитинин башталышына туш келгендиктен, кармоонун саясий себеби бар деп эсептейбиз", — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Активист полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир нече сааттан кийин бошотулду.
Адвокат Елена Жигаленок Адилхан кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилип, ага 2018-жылдагы кайсы бир иш боюнча күбө катары чакыруу кагазы берилгенин билдирди.
Полиция бөлүмүнөн чыккандан кийин Бауыржан Адилхан жеке баракчасына эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатканы жөнүндө видеокайрылуу жарыялады.
"Эртең мен полицияга [чакырык боюнча] барам жана ошол жерден билем деп үмүттөнөм", - деди активист.
Астанада өтүп жаткан ШКУнун 4-июлдагы жыйынында уюмдагы кызматташтык маселелери, аймактык жана эл аралык саясат талкууга алынат.
Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУнун ишмердигинде Кытай жана Орусия үстөмдүк кылат.
Уюмга тогуз өлкө – Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мүчө.