Ссылки доступа

Москвада Орусиянын эркин күрөш боюнча курамасынын тажик тектүү машыктыруучусу кармалды


Москвада "террордук ишмердикке көмөктөшкөн" деген шек менен Орусиянын эркин күрөш боюнча жаштар курамасынын машыктыруучусу Алишер Исматзода кармалды.

Азырынча ага кандай айып тагылып жатканы тууралуу расмий маалымат жок. Орусиянын Спорттук күрөш федерациясы Исматзода кармалганын ырастап, бул окуя аларды "нес кылганын" билдирди.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, Москванын Щербинский райондук сотунда "Террордук акт уюштуруу үчүн адамдарды азгыруу" беренеси боюнча шектелип жаткан Исматзоданы камакка алуу сунушталууда. Орус мыйзамдарында бул айып боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Исматзоданын бөгөт чарасы 3-июлда каралат деп күтүлүүдө.

Алишер Исматзода 32 жашта, ал Тажикстандын борбору Душанбе шаарында туулган. 2015-жылы Орусиянын Дене тарбия, спорт жана туризм мамлекеттик университетин аяктаган. Орусиянын эркин күрөш боюнча спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберлигине талапкер.

Тажикстандын бийлиги азырынча спортчунун кармалганы боюнча комментарий бере элек.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Анда автоматчан төрт киши имаратка кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалгандардын көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG