Ссылки доступа

"Түштүк Корея – Кытай – Казакстан –Өзбекстан" багыты боюнча жүк ташуу поезди каттай баштады


Өзбекстандын Транспорт министрлигинин сүрөтү
Өзбекстандын Транспорт министрлигинин сүрөтү

26-июнда Түштүк Кореядан Өзбекстанга жүк жеткирүү боюнча интермодалдык каттам ишке кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

"26-июнда Түштүк Кореянын, Кытайдын, Казакстандын жана Өзбекстандын темир жол администрацияларынын демилгеси жана SJ Logistics Group ишканасы менен кызматташтыкта Ляньюньган кытай портунда "Түштүк Корея – Кытай – Казакстан –Өзбекстан" түз багыты боюнча Түштүк Кореядан Өзбекстанга алгачкы жүк ташуучу поезди жөнөтүү иш-чарасы өттү", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Бул иш-чарага бардык төрт өлкөнүн темир жол администрацияларынын өкүлдөрү катышканы кабарланды.

Алгач товарлар Түштүк Кореядан Кытай портуна деңиз аркылуу жеткирилип, ал жактан Өзбекстанга бара турган поездге жүктөлгөн.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинен билдиришкендей, эми "Түштүк Корея – Кытай – Казакстан – Өзбекстан" багыты боюнча туруктуу жүк ташуу каттамдары аткарылып турат. Ал эки өлкө ортосундагы жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүгө жана учурдагы геосаясий кырдаалда үзгүлтүксүз логистикалык байланыштарды камсыз кылууга түртү болот.

XS
SM
MD
LG