Ссылки доступа

HRW: Каракалпакстанда эки жыл мурдагы окуяларга байланыштуу репрессиялар уланууда


Өзбекстандын бийлиги Каракалпакстандагы нааразылыктардан бери эки жыл өткөнүнө карбастан, республиканын эгемендигине чакырык жасагандарга карата репрессияны улантууда. Бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму билдирди.

Уюмдун 1-июлда жарыяланган билдирүүсүндө 2022-жылы Өзбекстан Конституциясындагы республиканын макамы жөнүндөгү беренелердин өзгөртүлүшүнө каршы өткөн акциялар учурунда жарандарга ашыкча күч колдонулганы боюнча бир да жогорку кызматтагы аткаминер жоопкерчиликке тартылбаганы белгиленген.

"Өзбекстандын өкмөтү эки жыл мурунку Каракалпакстандагы нааразылык учурунда каза болгондордун жакындарын сот адилеттиги менен камсыз кылган жок. Тескерисинче, андан бери башка каракалпакстандык активисттерге карата репрессияны күчөткөнүн көрүп жатабыз", – деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директоруХью Уильямсон.

Анын айтымында, Өзбекстандын өнөктөштөрү өлкө бийлигин адилеттүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле Каракалпакстандын өзүндө эле эмес, чет өлкөлөрдө жүргөн активиттерге карата да куугунтукту токтотууга дагы бир жолу чакырышы керек.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкөнүн курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлда Нукус шаарында болгон нааразылыктар күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын (төртөө укук коргоо кызматкери), 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.

Нукус окуялары боюнча өткөн сот процесстеринде 61 киши жоопкерчиликке тартылган. Алардын арасында 16 жылга эркинен ажыратылган блогер жана адвокат Даулетмурат Тажимуратов да бар. Ал адамдарды тынч акцияларга чакырганы айтылып келет.

2022-жылы ноябрда HRW билдирүү таратып, өзбек бийлиги Нукустагы акциянын катышуучуларына каршы ок атуучу куралдарды колдонгону тууралуу маалыматтар боюнча ачык иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

Уюм күбөлөр 2022-жылдын 1-июлунан 1-августуна чейин социалдык түйүндөргө жарыялаган 55 видеону иликтеп, алардын 31де ок атуучу куралдан өлгөн же жаракат алган адамдар бар экенин аныктап чыккан.

Өзбекстандын өкмөтү Нукустагы окуяларды иликтөө боюнча атайын парламенттик комиссия түзгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин анын жыйынтыктары жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG