Маалыматка ылайык, Гутерриш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалып жатат.
БУУнун башкы катчысы Борбор Азиядагы сапарын 30-июнда Өзбекстандын борбору Ташкенттен баштаган. Ал Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.
Мындан тышкары Гутерриш Казакстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга да барат. 4-июлда Астанада өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сөз сүйлөйт.
Гуттериш Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр жаралып, жарандык коомдун ишин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жаткан учурда регионго келе жатат. Бул сапардын алдында чет өлкөдөгү тажикстандык оппозициячыл кыймылдар Гутерришке кайрылып, аны Дүйшөмбүдөгү жолугушууларында тажик саясий туткундарынын маселесин көтөрүүгө чакырган.
Гуттериш акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылы келип кеткен.