Ссылки доступа

Жалал-Абадда төрт жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад шаарында төрт жашар кызды зордуктады деген шек менен 35 жаштагы киши кармалды.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя тууралуу 24-июнда арыз түшкөн. Тергөөнүн баштапкы маалыматтарына ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз киши кичинекей кызды зордуктаган. Ыкчам-иликтөө тобу окуяны тастыктаган далилдерди аныктаган.

Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен иш козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү кармалып, соттун чечими менен эки айга камалды. Тергөө уланууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.

Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.

XS
SM
MD
LG