Ссылки доступа

Казакстан ШКУ саммити алдында коопсуздук чараларын күчөттү


Казак бийлиги Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Астанадагы саммитин утурлай, 2-5-июль күндөрү Астана, Алматы, Караганда жана Көкшетау шаарларында террордук коркунучтун «сары деңгээлин» киргизди.

Саммитке байланыштуу айрым аймактарда унаалардын жана адамдардын кыймылына чектөөлөр киргизилет. Көчөлөрдө, аянттарда, стадиондордо, сейил бактарда, магистралдык темир жол линияларында, автовокзалдарда, аэропорттордо, метродо, массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде коопсуздук күчөтүлөт.

Астана жана Алматы шаарларында, Акмола жана Караганда облустарында саммиттин катышуучулары колдонгон жолдорго чектөөлөр киргизилет.

4-июлда Астанада өтө турган саммитке 16 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышат. Алар: Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларус, Монголия, Азербайжан, Катар, БАЭ, Түркия жана Түркмөнстан. Саммитке БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш да катышат. Саммитке келе тургандардын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Түркиянын президенти Режеп Эрдоган да бар.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, саммит “Көп тараптуу диалогду бекемдөө – туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу” деген теманын алдында өтөт. Бул жолугушуу Орусиянын Украинага каршы баскынчылыгы уланып жаткан учурда өтөт.

XS
SM
MD
LG