Ссылки доступа

Орусияда украин журналисти Дмитрий Гордон сыртынан 14 жылга соттолду


Москванын Экинчи Батыш округдук аскер соту украиналык журналист Дмитрий Гордонду 14 жылга сыртынан эркинен ажыратты. Бул тууралуу Sotavision басылмасынын кабарчысы билдирди.

Гордон терроризмге чакырган, орус армиясы тууралуу “фейк кабарларды” тараткан жана кастыкты козуткан деп айыпталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча 2022-жылдын март айында Украинада масштабдуу согуш башталгандан кийин Гордон өзүнүн YouTube каналына "Гордон орустарга жана беларустарга кайрылды" жана "Путинге аңчылык" видеолорун жарыялап, анда ал орус аскер кызматкерлери тууралуу "жалган" маалымат тараткан. Ошону менен катар АКШ президенти Жон Байденди Орусияга өзөктүк сокку урууга чакырган.

Гордон өкүмдү Телеграмда клоундун эмодзилери 🤡 менен комментарийлеген.

Дмитрий Гордон - белгилүү украиналык журналист жана телеалпаруучу, Киев шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. "Гордон" интернет басылмасынын автору. Ал саясатчылар, актёрлор, жазуучулар, сүрөтчүлөр, режиссёрлор, коомдук ишмерлер, спортчулар жана башкалардан 1100дөн ашык интервью алган. Согуш башталгандан кийин ал орус аскерлеринин Украинадагы кылмыштары – Бучадагы окуялар, иргөөчү лагерлердин түзүлүшү, туткундарды кыйноо тууралуу бир нече жолу айткан.

XS
SM
MD
LG