Ссылки доступа

Түрмөдө Марат Жыланбаев он күндөн бери ачкачылык кармап жатат


Жети жылга кесилип,  Степногорск шаарындагы колонияда жазасын өтөп жаткан марафончу жана активист Марат Жыланбаев 20-июнда абакта ачкачылык жарыялаган.

Бул тууралуу анын адвокаты жана жабык мекеменин жетекчилиги кабарлады.

Колониянын башчысы Канат Тулаковдун айтымында, Жыланбаевдин коопсуздугу үчүн ал тартип камерасына киргизилген. Активист 20-июлга чейин ал жерде болот.

Жыланбаев он күн мурун жарыяланган ачкачылык акциясын улантып жатат.

Марафончу абакта коркутуп-үркүтүүлөр болгонун буга чейин жактоочусу аркылуу билдирген. Анын айтымында, колониянын кызматкерлери камерадагыларды ага каршы тукурушкан.

Түрмөнүн жаңы жетекчиси бул сөздөрдү кыйыр түрдө тастыктады. Анын билдиришинче, бир күн мурун ал Жыланбаевге бул үчүн ден соолугун бузуп албоо керектигин айтып, ачкачылык акциясын токтотууга чакырган. Ошол эле учурда Тулаков мекемеде "жаңы адам" экенин жана абалды толук түшүнө электигин белгиледи.

Канат Тулаковдун айтымында, Марат Жыланбаев суу гана ичип жатат, абак дарыгерлери анын абалын көзөмөлдөшүүдө.

Марат Жыланбаев былтыр ноябрда Астанадагы соттун чечими менен "Экстремисттик уюмду каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Активист бул өкүмдү жокко чыгаруу жана аны толугу менен актоо талабы менен кассациялык арыз жазган.

Былтыр декабрдын соңунда эл аралык уюмдар, анын ичинде Amnesty International жана Human Rights Watch укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин Марат Жыланбаевди эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

60 жаштагы белгилүү марафончу Марат Жыланбаев 2023-жылы май айында кармалган. Акыркы жылдары саясатка кызыгып, митингдерге чыгып, "Алга, Казакстан!" аттуу оппозициялык партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылып жүргөн Жыланбаевге "Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери менен айып тагылган. Ал бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов түзгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп күнөөлөнгөн.

Активист өзү жана анын тарапташтары тагылган айыптарды четке кагууда. Казакстандык укук коргоочулар Жыланбаевди өздөрү түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен.

XS
SM
MD
LG