Ссылки доступа

Москвада кыргызстандык келин кармалып, баласы балдар үйүнө жөнөтүлдү


Россия.
Россия.

Москвада кыргызстандык келин мигрант мекендештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн камакка алынып, ага "Мыйзамсыз миграция уюштуруу" деген берене менен кылмыш иши козголгону айтылууда.

Жакындары камакка алынган келиндин бир жарым жаштагы ымыркайы убактылуу балдар үйүндө экенин айтып, кыргыз бийлигинен жардам сурады.

Орус полициясы баланы атасы нике күбөлүгү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, алып кетсе болорун айткан. Бирок баланын атасы быйыл депортация болгондуктан Орусияга бара албай жатат.

Эжесинин айтымында, аны полиция камакка алганда 1,5 жаштагы ымыркайын балдар үйүнө өткөрүп берген:

"Сиңдим Москвада иштеп жүрүп төрөгөн. Баласын бакчага берейин десе, кичинекей деп албай коюптур. Батирдин акчасын өзү жалгыз төлөй албай, кыргызстандык үч-төрт адамды чогуу жашатып жүргөн экен. 15 күн мурда булардын батирин полиция басып, баарын кармап кетиптир. Документ текшерген учурда анда жашаган төрт баланын документтери туура эмес чыгып калыптыр. Буларды алып барып, коё берген экен. Алып кеткен учурда сиңдим 1,5 жашар баласын Подмосковьеде жашаган кичүү сиңдиме берип кеткен экен. Полициядан чыккандан кийин барып, кичүү сиңдимден баласын алып, үйүнө барса, полиция ошол жерден кайра кармап кетип, камап коюптур. Биз аны билбей, сураштырып аттык. Анан "котормочумун" деген бирөө "эжеңерди баласын алып, өзүн камап коюшту" деп чалыптыр".

Келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов жакындарынын сөзүн ырастап, кыргызстандык келин эки жумадан бери Москвадагы тергөө абагында камакта жатканын билдирди:

"Бул келиндин батирди ижарага алуу боюнча анын ээси менен келишими бар. Ал өзү ошол батирге мигрант катары каттоого турган. Бирок ал 65 миң рубль төлөй албай, жердештери менен чогуу жашап жаткан экен. Полиция аны Орусиянын Кылмыш кодексинин 322-беренеси боюнча айыптап, "сен мыйзамсыз миграция уюштургансың, чет өлкөлүк жарандарды өзүң чакыргансың, Орусиянын аймагында мыйзамсыз миграция уюштуруп жатасың" деп айыптап, камап, 1,5 жашар баласын балдар үйүнө өткөрүп коюшуптур. Учурда келин Москвадагы №6 тергөө абагында кармалып турат. Жактоочу катары менин көз карашымда, батирди ижарага берген тарап катары анын ээси - орусиялык жаран жооп бериши керек болчу. Жок жерден кыргызстандык жаранга оодарып коюшту. Биз азыр анын укугун коргоп жатабыз. Тергөө менен байланышып, Кыргызстандан да керектүү документтерин алдырып бердик. Жакынкы күндөрү тергөө аяктайт".

Адвокаттын айтымында, жакынкы күндөрү тергөө аяктайт. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, беш жылга чейин кесилип кетиши ыктымал.

"Полиция башында батирдегилердин баарын кармап, суракка алган. Ал жерден эки адамды сот аркылуу Орусиядан чыгарыптыр. Калгандарын коё берген. Кызга мурдагы адвокаты "күнөөнү мойнуңа алсаң жеңил болот" десе, ал "күнөөлүүмүн" деп көрсөтмө берип, кол коюп коюптур. Укугун билбей, түшүнбөй туруп, кол коюп берген. Мен кылмыш иши менен таанышканда көрдүм, тергөөчүнүн компьютерде терген кагазынын баарына тийиштүү жерлерине кол коюп бериптир", - дейт адвокат.

Адвокат учурда келиндин баласын туугандарына кайтаруу боюнча аракеттер жүрүп жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн батирдин ээси бербей койгон:

"Мен 24-июнда тергөөчү менен байланышып, батирдин ээсинен баланын метрикасын алып кетүүгө көмөктөшүүсүн сурандым. Ал макулдугун берип, участковый полиция аркылуу алып бермек болду. Анткени баланын атасы кыздын жакындарына ишеним кат берсе, алып кетсе болот дешти".

Бул окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылдык. Басма сөз кызматы биздин маалымат Москвадагы консулдукка берилгенин, иликтеп көрүп жооп беришерин кабарлады.

XS
SM
MD
LG