Ссылки доступа

Казакстан эсептен чыгарылган учактар Украинага сатылганы тууралуу билдирүүнү четке какты


Казакстандын курал-жарактарды жана аскердик техникаларды импорттоо-экспорттоо менен алектенген "Казспецэкспорт" мамлекеттик ишканасы эсептен чыгарылган аскердик учактар Украина Куралдуу күчтөрүнүн керектөөсү үчүн сатылып жатканы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

"Милдеттүү түрдө жок кылуу шарты менен авиациялык техниканы сатуу процесси тиешелүү лицензиялары бар юридикалык жактардын арасында Казакстандын учурдагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн. Ага чет өлкөлүк компаниялар катыштырылган эмес", – деп жазылган "Казспецэкспорттун" билдирүүсүндө.

Мекемеден белгилешкендей, утилизация кылуу процесси толугу менен баланс кармоочулар тарабынан көзөмөлдөнөт.

"Келишимдерге ылайык, бардык учактар менен алардын агрегаттары кайра калыбына келтирбөө ыкмасын колдонуу менен баланс кармоочулардын аймагында утилизация кылынат. Алар сыртка түстүү металл түрүндө гана чыгарылат", – деп билдирди компания.

Жекшемби күнү Stopfake.kz сайты аты-жөнүн ачык билдиргиси келбеген киши Казакстанда эсептен чыгарылган учактарды сатып алып, тетик катары Украинанын Куралдуу күчтөрүнө бергени тууралуу социалдык түйүндөрдө билдирүү жарыяланганын кабарлаган. Ошол эле билдирүүдө Казакстан 2023-жылы октябрда эсептен чыгарылган 117 советтик аскер учактарын сатыкка койгону жазылган.

29-апрелде англис тилдүү The Business Insider басылмасы украин сайттары менен telegram-каналдарга шилтеме кылып, АКШ офшор компаниялар аркылуу Казакстандан 81 утилизацияланган советтик аскер учактарын сатып алгын жөнүндө макала жарыялады.

Өткөн жылы октябрда Казакстан утилизация кылуу үчүн советтик өндүрүштөгү 117 аскердик учакты сатыкка чыгарган. Анда сатуучу катары "Казспецэкспорт" ишканасы көрсөтүлгөн.

Быйыл февралда Казакстандын Каржы мониторинги боюнча агенттиги "Казспецэкспорттун" башкы директорунун милдетин аткаруучу Аршат Аяганов кармалганын билдирген. Анда ал "Чопкутталган аскердик техника алып келүү боюнча мамлекеттик буйрутманы аткарууда" кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланган деп шектелип жатканы айтылган.

Былтыр ноябрда "Казспецэкспорт" мамлекеттик ишканасында тинтүүлөр жана кармоолор болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG