Ссылки доступа

Өзбекстан Ооганстанга кезектеги жолу гуманитардык жардам жөнөттү


Өзбекстан 25-апрелде Ооганстанга кезектеги жолу гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Сурхандарыя облустук акимчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ооганстандын Балх провинциясына багыт алган сегиз жүк унаасынан турган жардам кербенин облус башчысы Улугбек Касымов баштаган топ коштоп кетти.

Гуманитардык жардамдын курамында 48 тонна ун, 48 тонна буудай, 15 миң литр өсүмдүк майы, 10 тонна эт консервасы, 24 тонна кумшекер, 22 тонна макарон жана 100 миң даана тез даярдалчу кесме бар.

2021-жылы августта Кабулдагы бийликти талибдер басып алгандан бери Өзбекстан Ооганстанга бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөткөн.

Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда Termez Cargo Centre деп аталган ири логистикалык терминал курулган. Ал аркылуу Ооганстанга Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да бир нече жолу жардам жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG