Ссылки доступа

Ташкентте Atlas Party иш-чарасына катышкан аялдарды кемсинткен киши 15 суткага камалды


Ташкентте Atlas Party иш-чарасына катышкан кыз-келиндерди кемсинткен киши 15 суткалык административдик камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, иш-чарага катышкан бир нече аял укук коргоо органдарына кайрылып, аларды социалдык түйүндөгү видеокайрылуусу менен кемсинткен адамды жоопкерчиликке тартууну өтүнүшкөн.

Atlas Party деп аталган иш-чаранын жүрүшүндө салттуу "атлас" кездемелеринен тигилген жана оймо-чиймелердин элементтерин камтыган өзбек улуттук кийимдери көрсөтүлгөн.

Буга чейин соцтүйүндөргө иш-чарадагы аялдардын кийимдери боюнча терс пикирин билдирген Дилмурод Маллаев аттуу колдонуучунун видеосу жарыяланган. Интернеттин өзбек сегментинде ал кызуу талкуу жараткан.

23-апрелде Маллаев укук коргоо органдарына чакырылган. Анда ал аялдар жана алардын кийимдери жөнүндө жеке диний көз караштарына таянып пикирин айтканын билдирген.

Көп өтпөй соцтүйүндөргө Маллаевдин аялдардан кечирим сурап, экинчи андай кадамга барбай турганын айткан видеосу жарыяланган. Бирок Ташкенттин Шайхантахур райондук соту аны "Майда бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

XS
SM
MD
LG