Ссылки доступа

Bloomberg: Казакстан Кашаган кенин иштеткен компанияларга койгон доонун суммасын $150 млрд чейин көбөйттү


Казакстан Кашаган кенин иштетүү боюнча консорциумга кирген эл аралык мунай компанияларына каршы арбитраждык доонун суммасын 150 миллиард долларга чейин көбөйттү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

Өткөн жылы апрелде Казакстан Кашаган жана Карачаганак кендерин иштеткен компанияларга каршы арбитраждык териштирүү баштаган. Казак өкмөтү компаниялар Кашаган боюнча 13 миллиард доллар, Карачаганак боюнча 3,5 миллиард доллар чыгашаны кемитпеши керек болчу деп эсептөөдө.

Bloomberg'дин маалыматына караганда, 138 миллирд долларлык кошумча доо "кенди иштеткен компаниялар өкмөткө убадалап, бирок жеткире албаган" мунай өндүрүүнүн эсеби.

Казакстандын Энергетика министрлигинен арбитраждык доонун чоо-жайы боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты. "Бул коммерциялык гана талаш. Түндүк-Касий долбоору боюнча продукцияны бөлүштүрүү тууралуу макулдашуунун жоболорундагы шарттарга ылайык, арбитраждык талаштардын, доолордун чоо-жайы ачыкталбайт", – деп билдиришти мекемеден.

Reuters агенттиги бул укуктук талаш эл аралык компаниялар менен өкмөттөрдүн ортосундагы көптөгөн соттук иштердин бири гана экенин белгилеп, ал чет өлкөлүк компаниялардын мурдагы СССР өлкөлөрүндө иштөөсүндөгү тобокелдиктердин бар экенин көрсөтүп турганын билдирди.

Кашаган кенин курамына улуттук "КазМунайГаз" компаниясы, италиялык Eni, америкалык Shell, ExxonMobil, франциялык Total, жапониялык Inpex жана кытайлык CNPC компаниялары кирген NCOC консорциуму иштетет.

Эл аралык агенттиктердин маалыматына ылайык, NCOC бул долбоорго 50 миллиард долларга жакын инвестиция салган. Bloomberg NCOC'ге шилтеме кылып, Кашагандын продукциясын бөлүштүрүү тууралуу макулдашуунун белгилүү бир жоболору боюнча консорциумда көптөгөн талаштар бар экенин жана алар арбитраждык териштирүүнү талап кыларын кабарлоодо.

Eni компаниясы казак өкмөтү консорциумдун өнөктөштөрүнө каршы арбитраждык процедура баштаганын ырастады. Компаниядан иштин чоо-жайын ачыкташкан жок, бирок дооматтарды жана суралган компенсациянын өлчөмүн негиздүү деп эсептебей тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG