Ссылки доступа

HRW: ЕБ менен Түркия тажик оппозициячыларын депортациялабашы керек


HRW уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева
HRW уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Түркияга жана Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрүнө кайрылып, бозгундагы тажикстандыктарды Душанбеге депортациялабоого чакырды. Уюм муну Тажикстандагы кыйноо ыткымалдыгы менен түшүндүрдү.

Human Rights Watch бул өлкөлөр башпаанек издегендердин укуктарын сыйлап, аларды тажик өкмөтүнүн негизсиз жана саясий өтүнүчтөрүнүн негизинде камакка албоого тийиш деп эсептейт.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева 16-апрелдеги билдирүүсүндө: "Тажикстан өзүнүн сынчыларын, өзгөчө "Группа 24" жана башка тыюу салынган уюмдар менен байланышы бар адамдарды чет өлкөлөрдөн издөөнү биротоло токтотушу керек", - деди.

HRW өз билдирүүсүндө Түркияда жоголгон Сухроб Зафар менен Насимжон Шарифовду жана Литвада кармалган Сулаймон Давлатовдун иштерин эске салат. Үчөө тең "Группы 24" тобунун азыркы жана мурдагы мүчөлөрү.

"Группа 24" тобунун лидери Сухроб Зафар ушул жылдын март айында Стамбулда жоголгон. Февралдан бери ушул эле шаарда бул топтун мүчөсү Насимжон Шарифов дайынсыз болууда. Бүгүнкү күнгө чейин алардын тагдыры тууралуу маалымат жок.

"Группа 24" уюмунун мурдагы мүчөсү Сулаймон Давлатов, 5-апрелде Вильнюста кармалып, эки айга камакка алынган.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү соңку кездери айрым Европа мамлекеттери кыйноо коркунучуна карабай, Тажикстан өкмөтүн сындагандарды экстрадициялап жатканына тынчсызданууда. Камоолор терроризм жана экстремизм менен күрөшүү деген шылтоонун негизинде жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG