Ссылки доступа

Тажикстан Түркиянын жарандары үчүн виза режимин киргизет


Тажикстан ТИМинин имараты
Тажикстан ТИМинин имараты

Тажикстан Түркиянын жарандары үчүн виза режимин киргизет. 2021-жылдан бери түркиялыктар Тажикстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышкан.

"Озоди" радиосу Тажикстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлүнө шилтеме кылып кабарлагандай, виза режими тууралуу чечим 20-апрелде күчүнө кирет.

"Түркиянын жарандары тажик визасын Тажикстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринен жана консулдуктарынан ала алышат", – деди ТИМ өкүлү.

Быйыл 5-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жойгон жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, тажикстандыктар үчүн виза режими 20-апрелде күчүнө кирет.

Түрк президентинин жарлыгында виза режимин киргизүүнүн себептери жазылган эмес. Бирок бир катар орусиялык басылмалар бул чечимди тажик жарандары шектелип жаткан Орусиядагы жана Түркиядагы теракттарга байланыштырышкан.

"Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин Анкара кол салууга шектүүлөрдүн экөө бир канча убакыт Түркияда жүргөндөн кийин Москвага учуп барганын билдирген. 22-мартта Москвадан алыс эмес жердеги борборго кол салуунун жыйынтыгында 140тан ашык киши каза болгон.

Тажикстан менен Түркиянын ортосунда визасыз режим 2018-жылы киргизилген. Тажик жарандары Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышчу. Түркия Орусия менен Казакстандан кийин тажикстандыктар эң көп эмгектенген үчүнчү өлкө болуп эсептелет. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Түркияда жети миңге жакын тажикстандык иштейт.

Тажикстан ТИМинин маалыматына ылайык, 2022-жылы эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 350 миллион доллардан ашкан.

XS
SM
MD
LG