Жаңы аккредитация эрежелерине ылайык, журналисттер эреже бузганы үчүн, мисалы, брифингдерде ыңгайсыз суроолорду бергендиги үчүн аккредитациядан ажыратылышы мүмкүн. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын алдын ала макулдугусуз фото жана видео материалдарды жайылтууга да тыюу салынат.
Сынчылар, анын ичинде Media Qoldau кызматынын юристи Гүлмира Биржанова жаңы эрежелер бир гана чектөөлөрдөр турарын, журналисттердин укугу эске алынбаганын белгилейт:
“Эгерде сиз жоболорду бузсаңыз, сиз аккредитациядан ажыратылышы мүмкүн. Эгер сиз кандайдыр бир иш-чарага келип, андан кийин, маселен, “Азаттык” радиосуна эмес, башка басылмага жазсаңыз, бул дагы сизди аккредитациядан ажыратууга себеп болушу мүмкүн”.
Бул арада өкмөттүк жыйындарга кирүүүдө да көйгөй жаралды. Пресс-борбор жыйындар залынан бир кат төмөн түшүрүлдү. Эми журналисттер мурдагыдай аткаминерлер менен бетме-бет келип, микрафон узата албай калышты.
Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы жаңы чаралар журналисттердин иштөө шарттарын жакшыртууга багытталганын ырастоодо, бирок көпчүлүк бул басма сөзгө көзөмөлдү күчөтөт деп эсептейт. Жакынкы арада журналисттердин парламент жыйындарына кирүүсүнө жаңы чектөөлөрдү киргизүү пландалууда.
Медиа серепчилер 2022-жылдын башындагы нааразылыкты (Январь окуясы) чагылдыруудан кийин басма сөздү куугунтуктоо күчөгөнүн белгилешүүдө.