«Тажикстандын өкмөтү көмүр казып алууну көбөйтүү жана аны жарандарга өз убагында жеткирүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатат», - деп жооп берген Жума.
Өткөн кышта жана быйыл эрте жазда электр жарыгынын өчүрүлүшү журналисттер менен министрдин ортосунда кызуу талаш-тартышты жараткан. Далер Жуманын айтымында, техникалык жактан алар калкты толугу менен электр энергиясы менен камсыз кылууга даяр, бирок бул пландарга климаттын өзгөрүшү таасирин тийгизүүдө. Мисал катары ал Вахш дарыясынын нугундагы суунун деңгээли кескин азайгандыгын жана өлкөнүн электр станцияларында электр энергиясын өндүрүү 400 миллион киловатт-саатка жакын кыскарганын, бул өткөн кыш-жаз айларында электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына алып келгенин айтты.
Ал ошондой эле журналисттердин Тажикстан кышында Ооганстан менен Өзбекстанга электр энергиясын сатат, бул дагы электр энергиясынын тартыштыгына алып келет деген жүйөлөрүн четке кагып, бул өлкөлөргө электр энергиясы май айынан сентябрга чейин гана сатыларын билдирди.
Тажикстан электр энергиясын негизинен Ооганстан менен Өзбекстанга экспорттойт жана өлкөнүн өзүндө электр энергиясынын тартыштыгына карабастан, жыл сайын экспорттолгон электр энергиясынын көлөмү көбөйүүдө. 2023-жылы Тажикстандан электр энергиясын экспорттоо 3,9 пайызга өсүп, жыл ичинде 110,4 миллион долларды түзгөн.