Анын айтымында, Пхеньян алгач жүктү кемелер менен жеткирсе, учурда бул үчүн темир жолду көбүрөөк пайдаланууда. "Түндүк Корея бул аскердик колдоосу үчүн Орусиядан 9 миңден ашык контейнер жардам алган болушу мүмкүн", – деп кошумчалады министр.
Sky News телеканалы белгилегендей, Шин Вон Сик бул тууралуу Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын учургандан бир нече саат өткөндөн кийин билдирди.
Буга чейин АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Кореяны Орусияга снаряддарды жана башка аскердик жардамдарды жөнөтүүгө айыпташкан. Бул айыптоолорду Москва да, Пхеньян да четке каккан.
Февраль айында The New York Times гезити Орусия ок-дарыларды бергени үчүн Түндүк Кореянын дүйнөлүк каржы системасына кирүүсүнө жол ачып, БУУнун санкциясына кабылган түндүк кореялык активдердин бир бөлүгүн камактан чыгарганын кабарлаган.