Ссылки доступа

 
Тажик жихадчыларынын 10дон 8и Орусиядагы эмгек мигранттары болгон

Тажик жихадчыларынын 10дон 8и Орусиядагы эмгек мигранттары болгон


Тажикстандын Ички иштер министрлигинин академиясынын окутуучулары жарыялаган макалага ылайык, террордук топторго кошулган тажикстандыктардын 85%дан ислам өлкөлөрүнө Орусиядан барышкан.

Авторлор кылмыш иштерин талдап, тажик жаштарынын 90% жакыны Орусиядагы экстремисттик топтордун таасиринде болгонун белгилешкен. 2014-жылдан бери 2000дей тажик жараны ИМ террорук тобуна жана башка топторго кошулуп, алардын көбү согушта курман болушкан.

Макаланын авторлору эмгек мигранттарынын арасында салафиттик-ваххабиттик идеологиянын таасири күчөп, улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканын эскертишет. Алар Орусиядагы ата-энелерди жана тажик уюмдарын экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышат.

Бул арада тажик бийлиги диний эркиндикти катуу чектеп, мечиттерди жаап, диний билим берүүгө тыюу салганы белгиленип келет. Жыл сайын 1 миллионго жакын тажикстандык Орусияга иштөө үчүн кетишет.

XS
SM
MD
LG